Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлыгы сакталат

Жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген бардык кызматкерлердин айлыгы сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Аралыктан окутуу маалында Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген бардык кызматкерлердин айлыгы сакталат жана төлөнүп берилет. Административдик, техникалык жана кенже персоналдар да маянасын колуна алат. "Өзгөчө абал жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары өзгөчө абал шартында анык бир жагдайларга карап, ар кандай өзгөчө чараларды колдоно алат, анын ичинде ишканалардын, мекеме-уюмдардын өзгөчө иштөө тартибин аныктайт", - деп айтылат маалыматта.

Жогоруда белгиленген беренеге ылайык жана COVID-19 инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында 8-апрелден тарта билим берүү уюмдары аралыктан окутууга өткөрүлдү. Демек, педагогдук курам аралыктан өз милдетин аткарууда. Бирок билим берүү уюмдарында алардан сырткары административдик, техникалык жана кенже кызматкерлер да иштейт. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн айлык акы жалгыз киреше булагы болгондуктан, маянасы сакталат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан