Башкаларга үлгү болчудай! Ат-Башы районунун Биринчи Май айыл тургундары өз демилгелери менен карантиндик пост уюштурушту (видео)

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Биринчи Май айыл аймагынын тургундары өз демилгелери жана күчтөрү менен карантиндик пост уюштурушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын жашоочусу жана активисти Муктарбек Байшериев билдирди.

Активисттин айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алып, айыл жашоочуларынын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн карантиндик пост уюштуруп, кирген-чыккандарды көзөмөлдөп туруу чечими кабыл алынган.

"Учурдагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өкмөт иш-аракеттерди жасоодо. Бирок алар баардыгына жетишпейт да. Мындай учурда ар бир жаран жана аймак карантиндин эрежелерин сактап, колдон келген салымдарын кошуш керек деп ойлойм", - дейт Муктарбек Байшериев.

Биринчи Май айылынын кире беришинде уюшулган карантиндик пост тартылган тасмада айылдык кеңештин депутаты алардын айылында посттон тышкары дезинфекциялоо иштери жүрүп жатканын айтып берген.

Ат-Башы районундагы Биринчи Май айыл аймагынын жашоочулары өз күчтөрү менен карантиндик пост уюштурушту
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Islambek123
2020-03-30 16:14:39
Жакшы туура эле
+1
Okunboim.
2020-03-30 16:15:10
Биз жакта дагы айылдын эле атуулдары оз демилгелери менен пост уюштуруп , айылга хлор сатып алышып дезинфекция кылшып жатат.
0
madina.87
2020-03-30 16:18:43
Биздин айыл дагы ар жоро жоро болуп миң сомдон чогултуп айылды дезинфекция кылып жатышат.Өкмөт чогулган пулду эмне басып жатат билбейм
+5
Arstan18.18
2020-03-30 16:59:48
Бир жума мурда биздин айылдары бут айылда тоскон
0
talaa11
2020-03-30 17:51:59
Мындай бизде он кун мурун башталган жаштар демилге которуп кезектешип Пость уюштуруп жатабыз
0
zhigitaly
2020-03-30 19:08:17
Посту жок эле өкмөттүн койгон эрежелерин так сактасак болот да айтып какшап атса да болбой темселеп жүрсөк андай посттон пайда болбойт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан