"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетин 159 миллиондон ашуун адам жуктуруп алды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 159 миллион 305 миң 473 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 95 миллион 355 миң 247 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 312 миң 199 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 12-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 773 миң 387 болду. 582 миң 791 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 22 миллион 992 миң 517 адамдан аныкталды. 249 миң 992 адам каза болсо, 19 миллион 27 миң 304 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 282 миң 705 адам вируска кабылган. 425 миң 540 бейтап көз жумса, 13 миллион 592 миң 463 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан