Орусия менен Казакстандын чек арасына жакын жайгашкан Соль-Илецк шаарында 1 айдан ашык жашаган Кыргыз жарандарынын бир бөлүгү мекенине кайтып келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда SUPER.KG порталына окурманыбыз билдирди.
Анын айтымында, ал жакта калган 150гө жакын адамдын баары жолго чыккан жок.
"1 айдан бери бийлик өкүлдөрүн жашыл коридор ачып берүүсүн сурандык. Аягында минтип автобустар менен өткөрүүгө гана Казак тарап көнүптүр. Жүргүнчүлөрдүн дээрлик бардыгы кетти, айдоочулар гана калдык. Биз чек ара ачылганда гана унааларыбызды айдап кетебиз", - деп билдирди айдоочу болуп эмгектенген окурман.