Коронавирустан 85 бейтап айыкты. Ооруканада 200гө чукул бейтап оор абалда жатат

Соңку суткада коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 85и айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Муну менен өлкө боюнча илдеттен айыккандардын саны 180 миң 432 болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Акыркы суткада айыккандар:

Бишкек шаары - 50;
Ош шаары - 8;
Чүй облусу - 12;
Талас облусу - 2;
Ысык-Көл облусу - 2;
Жалал-Абад облусу - 10;
Баткен облусу - 1.

Ал эми бүгүнкү күнгө карата 1 миң 671 бейтап коронавирустан дарыланууда. Алардын ичинен 475и стационарларда жатса, калганы амбулатордук дарыланууда. Ооруканада жаткандардын 31инин абалы өтө оор, 141инин абалы оор, калгандары орто жана канааттандырарлык деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан