Бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда онлайн маалымат жыйын өтүүдө.
Жыйында кечээ, 29-мартта Москва шаарынан учуп келген 400 Кыргыз жараны обсервацияга алынганы айтылды.
"Жаңы учуп келгендерден экспресс-тест алынды. Андан тышкары алар ПЦР тест дагы тапшырышты. Анын анализдери эртең чыгат. Алар "Ак-Кеме" жана "Достук" мейманканалырына жайгаштырылды", - деди Чолпонбаев.