Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алган чет элдик студенттер өлкө аймагына чектөө алынгандан кийин гана кире алышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
"Орусияда билим ала турган чет өлкөлүк студенттердин өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүү чектөөдөн көз каранды. Башкача айтканда, кайсы мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берилсе, ошол өлкөнүн гана студенттери Орусияга кире алышат", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Орусия өкмөтүнүн буйругуна ылайык, 20-сентябрдан баштап Беларусь, Казакстан, Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө коюлган чектөө алынган. Ал эми 27-сентябрдан тарта түштүк кореялыктарга уруксат берилген.
Орусиянын билим берүү жана илим министри Валерий Фальков 12-сентябрга карата коронавирустан улам жогорку окуу жайларда билим алчу 100 миңге чукул чет элдик студент өлкөгө кире электигин айткан.