АКШда мектептердин ачылуусуна каршы болгон эл кайрадан каршылык акциясына чыгышты. Буга АКШ президенти Дональд Трамптын күзүндө мектептердин жарымы кайрадан эшигин ачат деген билдирүүсү себеп болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда жазылган маалыматка караганда, Дональд Трамп буга чейин балдар коронавирусту жуктуруп алуу коркунучуна кирбегендиктен, мектептерди ачуу керектигин айткан. Андан көп өтпөй, тагыраагы 4-августта Твиттердеги баракчасына "Мектептерди ачкыла" деген билдирүү калтырган. Буга нааразы болгон педагогдор жана жарандар Нью-Йорк, Чикаго жана Лос-Анжелестин борбордук көчөлөрүнө табыттын макети жана плакаттар менен нааразычылык акциясына чыгышкан.