Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 43 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, стационардык дарыланууда жалпы 317 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 354 бейтап бар.
Илдеттен сакайгандар төмөнкү аймактарда:
Бишкек шаары – 22
Ош шаары – 1
Чүй облусу – 10
Ош облусу – 5
Талас облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 3
Баткен облусу – 1
Жалпы айыккандардын саны 179 123 бейтапты түздү.