Алгач Ухан вирусу деп аталган коронавирус COVID-19 инфекциялык илдети дүйнө жүзүнө жайылууда. Учурда андан жабыркагандардын саны 31-мартка карата 784 миң 314 адамды түздү. Андан 165 миң 228 бейтап дарыланып, ооруканадан чыгарылса, 37 миң 638и каза болгон.
"Башында коронавирус күч алган мамлекеттердин катарына кирген Германия бекем тартип кармоо менен вирустун жайылышына бөгөт коюп келе жатат" дейт Манхайм шаарында жашап, окуп жаткан мекендешибиз Шеркул Дербишов.
Мекендешибиз Германияда жарандар кандайдыр бир катуу талап же буйруктун негизинде эмес, өз каалоосу менен үйдө отуруп, карантиндин тартиптерин сактап жатышканын SUPER.KG порталына билдирди.
- Учурда жалпы Германияда жана силер жашап жаткан Манхайм шаарында абал кандай?
- Германияда деле абалдын курчушуна байланыштуу карантин жарыяланган. Жарандарга дарыканага барып, азык-түлүк алууга жана дарыгерлерге барып келгенге гана уруксат. Ошентип 10 күндөн ашып калды, үйдө отурабыз. Карантин режимин сактоо боюнча абал жакшы. Бул жактын жарандары бардык эрежелерди сактап жатышат. Тартип сакталып жатканын өзгөчө азык-түлүк дүкөндөрүнөн байкоого болот. Ар бир кардар бири - биринен 1,5-2 метр аралыкты сактап жатышат. Көчөлөр бош. Дээрлик жөн жүргөн адамды көрүү кыйын. Зарыл иштер менен эшикке чыгыш керек болсо, сөзсүз түрдө эрежелерге баш ийип жатабыз. Ошондой эле үйгө келгенде сөзсүз түрдө бети-колду самындап жууш керек.
- Германиядагы Аланус окуу жайында билим алып жатыптырсың, сабактар үзгүлтүккө учураган жокпу?
- Бардык билим берүү мекемелери студенттери жана окуучулары үчүн онлайн режимде окутуу үчүн шарттарды түзүп беришкен. Биз билим алып жаткан окуу жайдан жеңилдиктер берилди. Мисалы, бир айлык практиканын ордуна тема тандап алып, реферат жазып жатабыз. Лекцияларды доцент жана 15-20 студент видео чалуу аркылуу өтүп жатабыз. Учурда мен рефераттын темаларын алып, жайкы экзаменге даярдана баштадым.
- Манхайм шаарында кыргыздар барбы, алардын арасында коронавирус жуктуруп алгандар каттала элекпи?
- Ооба, бул жакта кыргыздар көп эле. Биздин байке, эжелер ачкан WhatsApp группабызда болжол менен 200дөй адам бар. Ошол жактан маалымат алмашып турабыз. Азыркы учурда биздин жарандардын вирус жуктурганы тууралуу маалымат түшө элек. Бул жактагы Кыргыз жарандары деле жеке жана башкалардын коопсуздугу үчүн үйдө отурабыз. Кыргыз элиме карантин да өтөт, баары жакшы болот, оорубаңыздар деп айткым келет
- Маегиңиз үчүн рахмат. Саламатта болуңуз!