
Саламаттыкты сактоо министрлиги калк менен тыгыз иш алып барган жеке жана мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлерин коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы ушул жылдын 29-мартында башталган. Бирок айрым жеке жана мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн толук өтө элек.