Казакстанда 31-мартка карата коронавирустан 21 жаран айыкты. Алардын 14ү Нур-Султан шаарында, 7 бейтап Алматы шаарындагы ооруканадан айыкты.

Коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги вирусту жуктургандардын саны 308ге жеткенин кошумчалады. Ага ылайык:
Нур-Султан шаарында - 173;
Алматы шаарында - 73;
Караганда облусунда - 13;
Атырау облусунда - 12;
Акмола облусунда - 10;
Жамбыл облусунда -3;
Шымкент шаарында - 2;
Чыгыш-Казакстан облусунда - 2;
Алматы облусунда - 8;
Актөбө облусунда - 2;
Кызыл Ордо облусунда - 5;
Павлодар облусунда - 1;
Түндүк-Казакстан облусунда - 1;
Мангистау облусунда - 1;
Батыш Казакстан облусунда - 2.