Бишкек шаарындагы "Аламүдүн" базары дезинфекциялоодон кийин кайрадан мурунку абалына келип, иштей баштады. Базарды буга чейин шаардык мэрия дезинфекциялоо үчүн убактылуу жапкан. Анда соода күркөлөрү жана соода кылуучу жерлер дезинфекцияланып, санитардык чаралар күчөтүлгөн.
Аталган соода жайда расмий маалыматтар боюнча 3 миңге чукул жаран эмгектенет. Базар жанданып иштеп баштады дегенибиз менен андагы соода баштагыдай эмес. Биздин тартуучу топ базарга байкоо салып, андагы соодагерлердин пикирлерин укту. Көпчүлүгү камераны көрүп чочуп жатышты. Анын себебин сурасак, "базар жабылып калса кантип күн көрөбүз, базардын жабык турганын деле көрдүк, соода жайы иштебесе, бизге кыйын болот экен" деп түшүндүрүштү.
Алардын бири Касиет Таабалдиева 11 жылдан бери "Аламүдүн" базарында жер-жемиш жана жашылча-жемиштерди сатып, соода кылат. Таабалдиева "Дезинфекция иши болгондо эскертүү берилип, тез бузулуп кетүүчү товарларды түгөтүп, калган товарларыбызды сатып алдык. Азыр дезинфекция иштеринен кийин жумушубузду эл катары жүргүзүп жатабыз. Бирок базардын жабылганы биздей сооданын көзүн карагандар үчүн кыйын экен", - дейт.
Базардын администратору Жаныбек Танкеев дезинфекциялоо иштери жана андагы соодагерлердин көйгөйлөрү тууралуу кеп салды. Айтымында, базарда 2 күн дезинфекциялоо иши болсо, анын бир күнү базар жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн. Бирок ага эч кандай каражат кеткен эмес, анткени базарда тиешелүү каражаттар буга чейин эле болгон. Ошондуктан ал тазартуу иштерине канча каражат сарпталганын айта албай турганын билдирди.
Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова өзгөчө кырдаал учурундагы дезинфекциялоо иштерине 2 миллион сом каражат жумшалганын айтты. Ал эми базарлар боюнча азырынча канча каражат кеткени ачык тактала элек.
Коронавирус башталды дегенден кийин элдин баары унду басып алганы нан саткандарга залакасын тийгизген. Бул тууралуу "Ош базарында" көп жылдан бери нан сатып иштеп келе жаткан Орозгүл Жуматаева айтып берди.
"Элдер унду басып койгондон бери бизде соода жок. Элдин баары үйдөн нан жасап, бизден эч ким нан албай калды, соода жай", - дейт ал.
"Ош базарынын" кире бериштерине күзөтчүлөр коюлуп, катуу тартип сакталып жатканына күбө болдук. Бул тууралуу сурасак, базар жетекчилиги күндө эле ушундай текшерүү болуп жатканын айтты. "Бирок элдер түшүнбөй жатат, айтсаң жаман көргөн учур көп", - дейт базардын администрация кызматкери Мелис Иманбердиев.
Бишкектеги "Ош базарында" коронавирус инфекциясы катталганы буга чейин маалымдалган. Буга байланыштуу жакынкы күндөрү базар дезинфекциялоо үчүн жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу борбор шаардын вице-мэри Азиз Алымкулов онлайн брифинг учурунда билдирген болчу.
Ал эми базардагы соодагерлер башка сатуучулардай эле базар жабылбаса экен деп үмүт артышканын билдиришти. Ал эми коронавируска байланыштуу өлкөдө абал курчуп бара жатат.