Өзгөчө абал учурунда кайсы ишмердүүлүктөргө уруксат берилди? (тизме)

Өзгөчө абал учурунда уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмесин сиздерге сунуштайбыз.


1. Саламаттыкты сактоо системи:
- Ооруканалар;
- Лабораториялык кызматтар;
- Үйүндө медициналык кызматтарды көрсөткөн мекемелер;
- Бардык менчик формадагы медициналык мекемелер;
- Ветеринардык "Тез жардам" кызматтары;
- Медициналык товарларынын дистрибуциясы.


2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:
- Электр энергиялык компаниялар;
- Суу менен камсыз кылуу;
- Электриктер жана сантехниктердин кызматтары;
- Өрт өчүрүү кызматы;
- Көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;
- Калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;
- Дезинфекция;
- Телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техникалык колдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет – базалык станцияларга барууну камсыздоо);
- Аэропорттор;
- Темир жол бекеттери;
- Почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;
- Социалдык камсыздоо.


3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:
- Тамак-аш өнөр жайы;
- Айыл чарбасы;
- Биринчи керектүү товарларды өндүрүү;
- Химреагенттер;
- Дары-дармек препараттары;
- Медициналык жабдуулар жана аспаптар;
- Үй үчүн кагаз буюмдары;
- Жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары).


4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:
- Азык-түлүк дүкөндөрү;
- Дарыканалар;
- Күйүүчү май куюу жайлары;
- Ресторандар, барлар, кафе, ашканалар – жеткирип берүүгө гана иштейт;


5. Башка маанилүү кызматтар:
- Азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары – 7:00дөн 20:00гө иштөөгө уруксат берилет;
- Азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды дистрибуция кампалары;
- Банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техникалык колдоо, кассир, телекоммуникация жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);
- Мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткыруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);
*Эскертүү: мейманканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек.
- Жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);
- Карылар үйлөрү;
- Балдар үйлөрү;
- Үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;
- Жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;
- Ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.

Уруксат берилген ишмердүүлүктө унаа колдонгон жарандар жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек. Ошондой эле буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтүшү боюнча буйрукка кол коюлган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан