Бир сутка ичинде коронавирус илдетин 791 адам жуктуруп алганы тастыкталды. Анын ичинен 43ү медицина кызматкери экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкек шаары -12;
Ош шаары – 1;
Баткен облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Чүй облусу – 15;
Талас облусу - 2.
Пандемия башталгандан бери COVID-19 жана пневмония диагнозу медицина тармагынын 7 миң 519 кызматкерине коюлду. Анын ичинен 7 миң 15 кызматкер илдеттен айыкты.