Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 719 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 93 адам каза болсо, 4 миң 343 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 782;
Москва облусунда - 335;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 277;
Иркутск облусунда - 236 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 641 миң 156 адамдан коронавирус аныкталды. 9 миң 166 адам каза болсо, 403 миң 430 бейтап айыгып чыкты.