Бүгүн, 31-мартта Өкмөт үйүндө билим берүү жана илим министринин орун басарлары Нурлан Өмүров жана Надира Жусупбекованын катышуусунда онлайн жыйын өтүп жатат.
Билим берүү жана илим министрлиги видео сабактарды тартууну улантып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанциялык негизде окутууга даярдыкты улантып жатат. Азыр базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга жана окуу программаларына ылайык сабактардын жадыбалы түзүлгөн. Анын негизинде 4-чейректин сабактары Бишкектеги 9 студияда жана Ош шаарында "ЭлТР" каналынын базасында тартылууда", - деп билдирди Жусупбекова.
"Видео сабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып жатат", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, 8-апрелден тарта IV чейректин сабактарын “Баластан” КТРК (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим жана Билим” "ЭлТР" (5-11-класстын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилет.