Куудул Борончу Кудайбергенов коронавирус пандемиясына байланыштуу коомчулукка, кесиптештерине кырдаалды олуттуу кабыл алууга чакырып, кайрылуу жасады.
"Биздин коом текеберчилик, көрө албастык, ичи тарлык, эки жүздүүлүк, кыянатчылык, ушакчылык, уятсыздык жана башка жаман адаттар менен ооруп калганбыз. Ушуну айыктыруу үчүн бул оору чоң эскертүү катары келди. Дагы деле ойноп жатабыз, маани бербей жатабыз. 10 күн үйдө отуруп калып, обу жоктонуп нааразы болуп жатабыз. Өзгөчө менин кесиптештерим, жакшы жашооңду, чачыңды кырдырганыңды, жер кыдырганыңды, жакшы тамактарыңды башкаларга жөнөтпө. Анткени ушул эле учурда бир канча баласы менен жегенге наны жок отурган үй-бүлөлөр бар, үйүндө ооруп, жардамга муктаж болгон адамдар бар экенин унутпа, эске ал", - деп кайрылган Борончу мырза.