Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле активдүү жана кайдыгер эмес жарандар оор кырдаалда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаж болгон социалдык аярлуу топторго, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү үчүн "Жардам штабы" кыймылына биригишти. Бул кыймылга жыйырмадан ашык коомдук уюм кошулду.
"Жардам штабы" Бишкек жана Ош шаарларында активдүү иштеп баштады. Жардамга муктаж болгон жарандар тамак-аш азыктарын, өздүк коргонуу каражаттарын төмөнкү жолдор менен алса болот:
"Элдик штаб-Биз барбыз" - Telegram каналы аркылуу;
Мобилдик "Жардам берем" тиркемеси аркылуу;
"Жардам штабы" Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу керек.
Даректүү жардамды, тамак-аш жеткирүү жана таратуу жумуштарына көмөк берүүнү каалаган ыктыярчылар 0312 300-190 номерине байланышса болот.