Өткөн суткада Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында коронавирустан 69 жаштагы 1 бейтап каза болду (видео, хронология)

Бүгүн, 5-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берүүдө.

2020-05-05 10:44:00

Кыргыз өлкөсүндөгү ооруну жуктуруунун себептери жана булактары жөнүндөгү суроого: "Коронавирус жуктуруп алуунун көпчүлүгү байланышта болгон жактардан аныкталып жатат. Ошондуктан биз бардык байланышта болгондорду аныктоого аракет кылып, көзөмөлдөп жатабыз, мындай учурда бизге кээде атайын кызматтар жардам беришүүдө”, - деп жооп берди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Үсөнбаев.

2020-05-05 10:29:00

Вирус организмде, канда өрчүйт. Колдон келсе ортодогу аралыкты сакташ керек.

2020-05-05 10:16:00

5-майга карата өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 843кө жетти.
Стационарда – 232, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө бешөө жатат.
Ооруканадан 600 адам чыгарылды.
Каза болгондордун саны 11.

2020-05-05 10:10:00

"Режимди  туура сактап, бир аз чыдап турсак биз ооруну жеңебиз. Бирок азыр адамдар көчөгө чыгып алышты. Биз бири-бирибизди ойлоп, колдон келсе жумушубуз болбосо, көчөгө чыкпай койгонубуз оң. Азыр эрежелерди туура сактоо менен биз эпидемиологиялык абалды кармап, сактап кала алабыз", - деди Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында. 

2020-05-05 10:09:00

"Эпидемиологиялык көзөмөл бир калыпта кетип жатат. Бара-бара оору кетет. Биз бардык ооруган адамдар менен байланышта болгондорду таап, анализдерди алып жатабыз", - деди министрдин орун басары.

2020-05-05 10:07:00

Өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1 бейтап каза болду.

"Анда ошондой эле пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагнозу болгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

2020-05-05 10:07:00

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен жабыркаган медициналык кызматкерлердин саны  217ге өстү. 150 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-05 10:05:00

Бүгүн, 5-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 13 адам жуктуруп алды. Алар:
Бишкек шаары - 8;
Нарын облусу - 5.
Жалпы - 843.

2020-05-05 10:04:00

Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алар:

Ош шаары - 18;
Ош облусу - 3;
Нарын облусу - 2;
Бишкек шаары - 2.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
omka100514
2020-05-05 10:21:05
Кочодо аламдар кадимкидей эле журушотго, эч нерсе болбогондой. Жогоруда айткандай хотя бир ай чыдап, эрежелерди сактап турушса баарыбызга жакшы болмок.
+1
uli0404
2020-05-05 13:28:01
Өз ажалы менен кеткен адамго ал 70 ке чыгып калса,эмне мынча элди алдайсыңар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан