Коңшу Казакстанда коронавирус оорусунан үчүнчү адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 1-апрелде билдирүү таратышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, каза болгон адам Караганда облусунда катталган. Буга чейин коронавирустан каза болгон эки жаран Нур-Султан шаарында болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус оорусун 343 адам жуктуруп алышты.