Мирлан Каниметов: "Соль-Илецк шаарынан келген жарандарыбыздын кээ бири ушактарды чыгарып, чыр салып жатат"

Обсервацияда жаткан жарандар ар кандай ушак таратып, чыр чыгарып жатканын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов онлайн маалымат жыйында билдирди.

"Семетей" обсервациясында Соль-Илецк шаарынан келген 432 жаран жатат. Кээ бир жарандарыбыз ар кандай ушактарды чыгарып жатат. Алар мурда анализ тапшырып, учурда жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган жарандарды үй карантинге чыкты деп ушак таратышып, "бизди дагы коё бергиле" деп чыр-чатак чыгарып, талаптарды коюп жатышат.

Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми обсервацияны кайтарган ИИМдин кызматкерлеринин аларга күчү да жетет. Тартип бузгандарга чара көрүлөт", - деди Каниметов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
NURSAPAR
2020-05-18 14:17:54
Көп жинге тие берсе атып салгыла.
+13
mirlanpiter
2020-05-18 14:22:56
Кандай адамдар булар, карантинде болуп таза болсо анан бара беришет элего үйлөрүнө ...ызы чуу салышып барып Россиядан эми ,дагы ызы чуу салса жакшылыкты билбеген адамдар экен...мен өзүм Питерде иштеп жүрөм, Кыргызстанды сагынып качан баары жакшы жай турмушка өтсө барам деп
+15
Siren90
2020-05-18 14:31:48
Алып келбей коюшса эмне калышмак экен, шүгүр кылыштын ордуна капризденип жатышканы неси, бирин да чыгарбаш керек 14 күнгө чейин
+12
bbek
2020-05-18 14:32:51
Кайра Сол-Илецкиге жонотуп жибергиле баш ооруу кылбай.Келгиче олуп алайын дешти эле келип алып чатак чыгарышат
+13
JaneEr
2020-05-18 14:43:02
Эркектер жаткандардын баары эле.ХХХХХ жаткылачы.
+8
mirkaa5182
2020-05-18 14:50:44
сабырдын түбү, сары алтын дейт, кичине чыдап турсаңар өпкөңөрдү басып.
+7
Alinur96kg
2020-05-18 18:23:31
Алардын жинине тийбей шашлык,котлет алпарып берип койгула.
+1
nelli
2020-05-19 06:41:29
Жаман тойгозушту го ушулар. Жапайылар! Эсен-аман келдинби сабыр кыл хотябы уй булонду ойло. Эшек дейин десен эшекти да айдасан тушунот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан