Депутат Кенжебек Бокоев жардамга муктаж жарандарга көмөк акчалай берилиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Эң оңой жана эффективдүү жардам акчалай көмөк көрсөтүү болуп саналат. Азык-түлүктөрдү бердик деп айтып жатасыздар. Эмнеге акчалай берилбейт? Алар кандай азык-түлүк сатып алууну өздөрү билишет эле да. Бардык өнүккөн мамлекеттерде акчалай жардам берилип жатат. Азык-түлүк менен берилгенде көрүп жатасыңар мэрлерге иш козголууда", - дейт Бокоев.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кризис болгондо азык-түлүк коопсуздугу биринчи орунга чыгарын айтты. "Ошондуктан азык-түлүк менен жардам бергенге аракет кылдык. Акчалай жардам берилсе максатсыз пайдаланылып кетмек", - дейт ал.