Бүгүн, 5-апрелде Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйын берди. Анда Аксы аймактык ооруканасынан коронавирустан айыгып чыкты делген Гүлзада Сатылганованын билдирүүсү тууралуу суроо узатылды.
Гүлзада Сатылганова деп өзүн тааныштырган аял "Жалал-Абад облусунун Аксы районунда коронавирустан айыгып чыкты деген 3 жарандын бири менмин. Мен коронавирус менен ооруган эмесмин жана сакайып чыкты деген калп" деген видеокайрылуу жасаган. Буга чейин ала-букалык тургун да ушундай оюн айткан болчу.
Министрдин айтымында, мындай жалган маалымат тараткандар жоопко тартылып калышы мүмкүн.
"Кээ бир адамдар туура эмес маалымат таратып жатат. "Мен дары ичкен жокмун" деп терс мамилени чакырган жалган маалыматты тараткандар жоопко тартылат. Жөн эле адамды обсервацияга же ооруканага жаткырбайбыз. Эгер адамда вирус бар экени аныкталса, аны эл арасына чыгаруу кооптуу болуп саналат.
Алар мындай билдирүүлөрдү айткандан мурун ойлонуш керек. Себеби жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара колдонулат. Эгер оорунун белгилери болбосо, бизде ал адамды жаткырып, дарылоого кандай кызыкчылык болмок эле. Ал кишиге балким оорунун белгилери байкалган эмес, бирок анын денесинде вирус болгондон кийин, сыртка чыгаруу кооптуу болмок. Ал бир нече адамга жуктурушу мүмкүн да. "Дары берген эмес, же ооруган эмесмин" деген сыяктуу коом арасында терс мамиле жараткан туура эмес маалымат үчүн жооп бериши керек", - дейт министр.