Беларусь өлкөсүндө коронавирус оорусунан экинчи адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 1-апрелде билдирүү жасады.
"Коронавирустан экинчи адам каза болду. Каза болгон адамдын көптөгөн өнөкөт оорулары коронавирус жуктургандан кийин күчөп кеткен", - деп жазылган билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, кечээ, 31-мартта Беларусь өлкөсүндө коронавирустан алгачкы жолу эмгек сиңирген артисти каза болгон.