Бүгүн, 1-апрелде Түп районундагы айылдардын бириндеги имаратка обсервация уюштурулушуна каршы митингге чыккан жарандардын чыр-чатак, ызы-чуу салып жаткан видеолору колдонуучулар тарабынан интернет желелерине желдей тарады. Алардын бирөө бүгүн саат 9да тартылган. Бул тууралуу Ысык-Көл айылынын тургуну Максат Жаныбеков билдирди.
Азыркы учурда айылда абал тынч экенин жана жашоочулардын кадамы чектелип, айыл аймагына блокпосттор коюлганын ал төмөнкүчө айтып берди.
"Биздин айыл толук изоляцияга алынганын жана айылдагы эл коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон деген пикирлер айтылып жатат. Бирок андай эмес. Айылыбызда баары таза, байланышкан адамдар дагы жок. Биз тынч жашап жатканбыз, айылдан 2 унаа азык-түлүк алып келүү үчүн чыгып жүргөн. Азыркы тапта абал тынч, айыл тегерегине постторду коюшту, эч нерсе деп айтышкан жок. Мындан ары кандай болот билбейбиз, азырынча маалымат жок", - деп билдирди ал.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары "Маяк" деген саламаттыкты сактоо жана билим берүү борборуна обсервация уюштурулушуна каршы митингге чыкканын жергиликтүү жашоочу билдирген. Ал эми аталган окуя тууралуу SUPER.KG порталына Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожобеков төмөнкүлөрдү айтып берген болчу.
Кечээ, 31-мартта Ысык-Көл облусунан 2 адамдын коронавирус жуктурган.