Социалдык тармактарда "милиция кызматкери коменданттык сааттын эрежесин бузган жаранды ур-тепкиге алды" деген видео тараган. Бишкек шаарынын комендантынын маалымат кызматынан видеодогу жаранды милиция кызматкери тепкилебегенин айтып, кыска тасмага тиркелген билдирүүнү төгүндөйт.
"Видео боюнча териштирүү иштери башталып, анын жүрүшүндө жабырлануучуну тепкен жаран "Кудайберген" базарынын күзөт кызматынын кызматкери экени белгилүү болду", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылат жана эскертет! Социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз. Жалган маалыматты тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөт.
Эскертебиз, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.