Коронавирустан улам жумушсуз калган. Швецияда 80 борт коштоочу дарыгерлерге жардам берип башташты

Коронавирустан улам жумушсуз отуруп калган Швециянын "Скандинав аба жолдору" компаниясынын борт коштоочулары дарыгерлерге жардам берүүнү чечишти. 80 кызматкер кыска окуудан өтүшүп, иштеп баштады деп жазышат чет элдик басылмалар.
Аталган авиакомпаниянын 10 миңге чукул кызматкери белгисиз мөөнөткө эс алууга чыгышкан.
"Бүгүнкү күндө 80 борт коштоочу кыска окуудан өтүшүп, ооруканаларда иштеп башташты. Алар 3 күндүн ичинде биринчи жардам көрсөтүүнү, стресс абалында кандай ыкманы колдонууну, кан басымды өлчөөнү, бейтапты алаксытып, ордунан тургузуп, медайымдарга жардам берүүнү өздөштүрүштү. Кийинки аптада дагы 300 кызматкер кыска окуудан өтөт", - деп айтылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан