Бүгүн, 19-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Нарын облусундагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.
Мадемин Каратаевдин айтымында, облус боюнча медициналык кызматкерлер жетишпейт.
"Облус боюнча медицина кызматкерлери жетишпейт. Жетишсиздик дарыгерлердин коронавирус жуктуруп алышы жана алар менен катнашта болгон кызматкерлердин обсервацияга алынганынан улам болду. Азыркы тапта облуска республикадан дарыгерлердин ыктыярчы топтору келип иш алып барышууда", - деди Каратаев.