Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бишкек шаары – 1;
Чүй облусунда – 1;
Баткен облусунда – 2;
Жалал-Абад облусунда – 3.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 11 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медициналык кызматкерлердин саны 3123, алардын ичинен 2424 медкызматкер айыкты.