Бүгүндөн баштап жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз өткөрүлөт

Мындан ары жүк ташуучу унаалар өткөрмө пункттарынан уруксат кагазы жок өткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгында республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында жүк ташуучу унаалардын санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берүүчү кагазды жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.

«Ар бирибиз медицина кызматкерлеринин тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн бардык шарттарды түзүү керектигин түшүнүшүбүз зарыл. Анткени вирустан тез арылуубуз жана анын жайылышына жол бербөө алардан көз каранды. Биз муктаж жарандарга жардам берүүгө көңүл буруп, бул багытта бардык күч аракеттерди жумшообуз керек.

Ошондуктан дары-дармектерди жана социалдык жактан маанилүү товарларды ташыган жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыздоо керек. Алар үчүн жашыл коридор уюштуруу кажет. Тактап айтканда, жүк ташуулар үчүн эч кандай бөгөт болбошу зарыл»,
- деп белгиледи өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев калктын социалдык аярлуу катмарына тамак-аш продуктуларын ташуу боюнча иштерди уюштуруу тууралуу маселе козгоду. «Азырынча жарандарыбызда азык-түлүктүн запасы бар. Бирок алдыда бир дагы муктаж үй-бүлө көңүл буруусуз калбашы керек», - деди премьер-министр.

Жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз өткөрүлөт
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nemo_0587
2020-04-03 16:16:55
Мамлекеттин ичинде майда барат иштерди жасап алып чоң иш кылгандай маалымат бериптир го, Казак менен таможняны ачуу керек, кандай жол менен болсо да ал жактан азык түлүк алып өтүүгө жетишүү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан