9-майга карата өзгөчө абал режими киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Нарын облусунун Ат-Башы районунан саат 21:00дөн 06:00гө чейин 113 тартип бузган жарандар аныкталып, аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди.
Алар төмөнкү аймактардан катталды:
Бишкек шаарында - 98;
Ош шаарында - 11;
Жалал-Абад шаарында - 4;
Ат-Башы районунда коменданттык саатты бузгандар катталган эмес.
Тартип бузгандардын баары менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
25-марттан бери коменданттык саатты бузгандардын жалпы саны 4846 болду. Анын 4733ү эркек, 555и аял киши.