"Бир күндө 40 адамдын сөөгү". Нью-Йоркто каза болгондорду чогуу көмүлгөн бейитке көмүп башташты

Интернет булактарында Нью-Йорк шаарындагы Харт аралындагы күмбөздү дрон менен тарткан кадрлар тарады. Андан коргоочу кийимчен адамдар табыттарды чогуу көмүлгөн бейитке (братская могила) коюп жатканын көрүүгө болот.

Харт аралына 150 жылдан бери жакындары жок же көмүүгө шарты жок адамдарды көмүп келишет. Нью-Йорк шаарынын мэриясынын берген маалыматына ылайык, Харт аралына мурун 1 аптада бир ирет келип сөөк коюп кетишчү. Учурда болсо дем алыш күндөрү гана жумуш токтоп жатат. Мисалы, 9-апрель күнү эле бейитке 40 сөөк жаткан табытты көмүшкөнү айтылат. Буга чейин маркумдарды көмүү үчүн Райкерс аралындагы түрмөдөгү кылмышкерлерди ишке тартышса, эпидемия күчөгөн маалда атайын компаниялар иш алып барууда.

Акыркы 3 күндө Нью-Йоркто каза болгондордун саны көбөйүүдө. Акыркы маалыматка караганда, Нью-Йорк шаарында 5150 адам коронавирустан каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
murat17
2020-04-10 20:29:10
бул эмне деген комуу кудай сакта
+1
rola
2020-04-10 21:06:39
Тооба кылдык
+1
katerina.li
2020-04-10 21:11:15
Братская могила- массалык мурзо деп которулат
0
Kuyoo_bala
2020-04-11 12:30:10
Ар бир адам озунчо гробто окшойт а
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан