Бишкекке Екатеринбургдан 229 Кыргыз жараны кайтып келди

Бишкекке Екатеринбургдан 229 Кыргы жараны кайтып келди. Алар 30-июлда келгенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, "Урал аба каттамдары" компаниясынын учагы менен Орусиянын аймактарында билим алып жүргөн студенттер, Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой жана Пермде жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгондор (оорулуулар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, ымыркайы бар энелер жана оор турмуштук кырдаалга кабылгандар) келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам "Урал аба каттамдары" компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks992
2020-07-31 11:09:31
бул вирус кетпейт жакын арада Рф менен границаны ачуу убактысы келди тиричилик кылыш керек ачкадан өлүгүнчө вирус болуп айыгып же өлгөн жакшы пешенеде эмне болсо көрөбүзда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан