Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө апрель айын толугу менен эс алуу деп жарыялады. Бул чечимди президент элге видео кайрылуусунда билдирген.
Коронавирус эпидемиясынын алдын алуу жана жайылуусун токтотуу максатында апрель айы толугу менен эс алуу катары эсептелинет. Мындай чечимди президент элге YouTube аркылуу видео кайрылуусунда билдирген. Путин дүйнөдө, анын ичинде Орусияда эпидемиянын күчөгөн маалы кете электигин белгилеген. Ошондой эле иштебеген күндөрдүн айлыгы сакталарын жана мүмкүнчүлүк болсо, өзгөртүлүшү мүмкүндүгүн айткан.
Эске салсак, буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусиянын бардык аймагына 30-марттан 5-апрелге чейин эс алуу күнү деп жарыяланган.
3-апрелге карата Орусияда 3548 адам коронавирус жуктуруп, 30 адам каза болгону аныкталган.