"Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн кирүүчү эшигин ширетип салышты. Анткени ал жакта коронавирус аныкталган жаран жашачу экен", - деген билдирүүнү социалдык тармактын колдонуучусу жарыялаган. Ал өз билдирүүсүн сүрөттөр жана видео менен толуктаган.
Күбө тартып алган видеодо түн ичинде көп кабаттуу үйдүн эшигинин алдында бир нече адам жүргөнүн көрүүгө болот. Кадр сыртындагы аял кишинин "үйдүн жашоочулары баары эле үйүндөбү? Балким, кире электер бар", - деген сөздөрүн угууга болот. Андан соң ал бирөөгө чалып, "силердин подъездди да ширетип баштады, силер качан келесиңер? " деп кайрылган.