Бүгүн, 3-апрель күнү Билим жана илим министри Каныбек Исаков өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу системи жөнүндө жыйын берүүдө.
"Аралыктан окутуу системи 8-апрелден баштап ишке ашат. Учурда Бишкек шаарындагы "Креатив", "Таалим", №5 Улуттук гимназия, №13 мектеп жана Ош шаарындагы алдыңкы мектептердин жалпы 210 мугалими менен видеосабактарды тартып жатабыз. Видео сабактар өлкөбүздүн телеканалдары аркылуу берилмекчи. Бир үй-бүлөдө көп окуучу болсо, алар сыналгыны талашып калбашы үчүн расписаниесин алдын ала ар кайсы убакка белгилейбиз. Ошондой эле мугалим тарабынан байланыш кандай болот деген суроо жаралууда. Бул жаатта ар бир мугалим окутулуп жатат. Социалдык тармактар аркылуу бир класста 20 болобу, 30 бала болобу, баары бир чогулуп, 30 мүнөттүн ичинде билим алмаша алышат", - дейт министр.