Ырчы Дайыр Исмадияров коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен ооруп, илдеттен айыкты

Ырчы Дайыр Исмадияров коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдетти жеңген ырчы оору жеңил формада өткөнүн айтат.

"15-июнда оорунун алгачкы белгилери байкалды. Тагыраагы, 1-күнү денем ооруду, курч респиратордук вирустук инфекция же грипп деп ойлодум. Экинчи күнү тамагым кычышып, жөтөлдүм, үчүнчү күнү ал белгилер жоголуп, мурдум бүттү. Төртүнчү күнү жыт, даам сезбей калдым. Бешинчи күнү коронавируска тест тапшырдым. Тесттин жыйынтыгы оору бар экенин тастыктады. Албетте, дүрбөлөңгө түштүм, бирок өзүмдү колго алдым.

Дарылоо 10 күнгө созулуп, үй шартында болду. Дарыгерлер убагы менен келишип, ийне сайып турушту. Илдет жеңил формада өттү. Эч ким менен байланышпаганга аракет кылдым.

Оорунун өзгөчөлүгү бир күнү өзүңдү жакшы сезсең, экинчи күнү кайра ооруп калат экенсиң. Өзүңдү жакшы сезип калганда дароо эле дарылоону токтотпостон, дарыгерлер жазып берген дарылоо курсун аягына чейин жүргүзүү керек экен", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Paol
2020-07-12 16:09:39
Элдин баары эле ооруп чыкты окшойт женил түрү мн!
+7
voennyi88
2020-07-12 17:16:11
Уф баягы эле дайыр кайра эле дайыр. Башка жанылык жазыныздарчы
+7
Batma.Sh
2020-07-12 17:56:00
Мейли,коронавирус жөнүндөгү кабарлар өчүп,кайрадан баштагыдай эле.Самара,Айгерим,Асель,Нурлан ,Анжелика жөнүндөгү пиар жаңылыктарга толсун,соңку кабар.
+7
Batma.Sh
2020-07-12 17:57:29
Batma.Sh,Дагы Дайыр,Чолпон,Кеңеш тобу,Кыз-бурак тобу ж.б.
+1
Timurlan2017
2020-07-12 19:56:20
Ээ Дайыр укам дагы сенби
+4
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-12 20:07:13
Мейли ооруганвн кабар кылсын, бирок ковид жанылык болбой калды эч кимге. А ковид костюмун талаада кийип суротко тушкондун не кереги бар? Кайра эле пиарбы???
+2
rola
2020-07-12 20:09:45
Эч ким оорубасын.Алла шыпаасын берсин.Боль.га барбай оз алдынча дарыланып айыккандар коп эле болду,женил туру менен.Ошолордун катарында менда болдум.
0
Mintip-menu-suybo
2020-07-12 20:53:25
Андан коро эмне укол алдын, эмне даары ичтин? Ошону жазчы...
+1
Dani
2020-07-12 23:20:14
Турушун кара атайын суротко тушуп,ушу сен оорудунбу
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан