Биз социалдык тармакта

Республикалык бюджетке жарым жылда салык жана бажы төлөмдөрүнөн 14 миллиард сом түшпөй калды

Республикалык бюджетке 14 миллиард сом салык жана бажы төлөмдөрүнөн түшпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

"6 ай аралыгында бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды. Жүк ташуунун азайышы жана ишкердик жигердүүлүктүн төмөндөшү байкалды.

2020-жылга кошумча резервдерди пайдалануу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди. Алтындын баасынын көтөрүлүшү бюджетти толуктайт деп күтүп жатабыз. Ошондой эле биз Кытай менен чек араларды ачуудан киреше түшөт деп үмүттөнүп жатабыз", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rola
2020-07-22 16:39:11
Оз пайданарды коздоп иш кыла бергиле!
0
samarbek.88
2020-07-23 06:20:23
неге тушпой калат бизден салыкты алдыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан