Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткен жок. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Министр ооруканадан чыкты. Ал учурда аралыктан иштөөдө. Жакынкы күндөрү ишке чыгат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда Абдикаримов кызматтан кетүү арызын жазганы айтылган.