Орусиялык рэпер Жиган карантиндин эрежесин бузуп, кече уюштурду

Белгилүү орусиялык рэпер Жиган АКШдан келери менен карантиндин эрежесин бузуп, өз үйүндө кече уюштурган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Анда жазылгандай, рэпер Майамиден үй-бүлөсү менен мекенине келген. Учурдагы кырдаалга байланыштуу 2 аптага изоляцияда болуусу керек болчу. Бирок атактуу бул эрежени аткарбай, шаар сыртындагы үйүнө досторун чакырып, кече уюштурган. Бул тууралуу достору кечеде Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгышканда коомчулукка тарап кеткен. Анда көрүнгөндөй, рэпердин үйүндөгү студияда музыканттар ырдап, бийлеп, кальян жана чылым чегип көңүл ачып отурушкан. Ошондой эле бул кечеде Жигандын кыздары да бар болгон. Ал эми Жиган: "Мен Америкадан мекениме кайтып келдим, бизди 2 апта изоляцияда болуубузду айтышкан. Бирок мен ал эмне экенин билбейм жана ал маанилүү да эмес. Мен өзүмдү жакшы сезип жатам", - деп билдирген.

Буга чейин Жиган 3 кыздан кийин уулдуу болгондугу тууралуу жазылган. Андан көп өтпөй Жиган АКШдагы "психушкада" дарыланып жаткандыгын жана ага тамак берип, жакшы карап жатышкандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Omar.
2020-03-25 23:46:30
Орус оюндагысын кылып баштады, буга орус бийлиги кандай чара көрөт экен көрөлүчү.
+2
Jasi.jasi
2020-03-26 00:04:29
Ушу Жигаримбек да айныды
+5
TalaCSKA
2020-03-26 00:30:38
Жанагы Даниель дегендин буткул Кыргызстандын элин сокконун коруп алып аяабай нерв болуп атам.ХХХХ
+1
Arstan18.18
2020-03-26 01:01:48
TalaCSKA,эмне дептир?
0
Akoga
2020-03-26 00:44:19
Даниель дегенди кыргыз жигитери "бирдеме" кылып койгонго анда. Энеси бузулган, ХХХХХ баласына ким үкук берди кыргызды сөкөнгө.
+1
Sakura715
2020-03-26 01:04:24
Akoga,Дагы эмне дегинер келет? Негизгиси жардам берип жатат,анан ошону да коро албай ар созду чыгардынар.Чычалоонун кереги жок чындыкты айтты
+1
Omar.
2020-03-26 01:05:59
Ким ал даниель?
+1
Alinur96kg
2020-03-26 01:42:25
Орус ойундагысын кылат деген соз жарабай калды окшойт.Кыргыздар деле ойундагысын кылып атышат кем калбай.
0
Gabiku
2020-03-26 11:01:09
Жиган го жинди канадан эми чыкты, достору деле жинди окшойт мунун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан