Импорттоочуларга жана экспорттоочуларга милдеттүү түрдө электрондук эсеп-кысап колдонуу мөөнөтү жылдырылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кошумча нарк салыгын төлөөчүлөргө, товарларды импорттоочуларга жана экспорттоочуларга милдеттүү түрдө электрондук эсеп-кысап колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин 2019-жылдын 1-июлунда ишке кирген пилоттук долбоор ишке ашырылат. Чыныгы убакыт тартибинде маалыматтарды өткөрүү менен виртуалдык ККМ (контролдук кассалык машина) пайдалануу боюнча тесттик режим дагы ушул жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды.

Мындан сырткары, мунай азыктарына электрондук товар-унаа коштомо кагазын милдеттүү түрдө колдонуу мөөнөтү 1-июлга жылдырылды.

Көрсөтүлгөн чаралар өлкө аймагында жарыяланган өзгөчө кырдаал жана айрым аймактарда өзгөчө абалдын киришине байланыштуу, ишкерлерди колдоо жана салык төлөөчүлөрдүн салык органдарына баруусун минималдаштыруу максатында кабыл алынды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан