Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 1000 даана химиялык коргоочу костюм тапшырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 1000 даана химиялык коргоочу костюмдарды Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровго тапшырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бул костюмдар өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу учурда күнү-түнү күзөттөрдө, санитардык-карантиндик жана блокпосттордо иш алып барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине, ички иштер жана медицина кызматкерлерине берилет", - деди министр Замирбек Аскаров.

Буга чейин республикалык штаб тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине стационардык посттордо турган тартип сакчыларын, медицина кызматкерлерин жана ӨКМнын кызматкерлерин коргоочу костюмдар менен камсыздоо тапшырмасы коюлган. Буга ӨКМ тарабынан 1000ге жакын костюмдар тигилип, өз убагында таркатылып берилген", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештеги "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов фракция бир айлык маянасын Саламаттыкты сактоо министрлигине которгонун билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан