Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облусундагы өзгөчө абал киргизилген аймактагы посттордон кабар алды

Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облусундагы өзгөчө абал киргизилген аймактагы посттордон кабар алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусунун өзгөчө абал киргизилген аймактардагы посттордон кабар алды.

Ал облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов менен биргеликте Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга атайын блокпосттордо кызмат өтөгөн тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жолугуп, ал жерде жаралган жагдайлар, элдин арыздары жана сунуштары менен таанышып чыкты.

Ал жергиликтүү тургундарга: “Ички иштер органдарынын шартка байланыштуу коомдук тартипти сактоо максатындагы мыйзамдуу талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алып, күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жаткандыктан, жоопкерчиликтүү мамиле кылалы, коомдук тартипти бузууга жол бербейли деди. Биз үчүн эң маанилүү байлыгыбыз болгон ар бир жараныбыздын ден соолугу жана өмүрү кымбат, ошол себептүү ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун суранамын жана талап кыламын”.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан