Бүгүн, 7-апрелге карата коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы медициналык жайларда 45 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
Тизмеде:
- Улуттук хирургия борборунда - 6;
- Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында - 27;
- №2 клиникалык төрөт үйүндө - 12.