
Өлкөдө 5 миң 280 жаран коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 15-апрелге карата алынганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, акыркы суткада 1 миң 473 адам эмдөөдөн өттү. Жалпы эмдөө алгандар аймактар боюнча:
Бишкек шаары – 628;
Ош шаары – 502;
Чүй облусу – 514;
Ош облусу - 2 миң 144;
Ысык-Көл облусу - 340;
Талас облусу - 20;
Нарын облусу - 456;
Жалал-Абад облусу - 564;
Баткен облусу - 112.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри
Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп
эмдөөдөн өткөн.