Ош шаарындагы "Каныкей" ресторанынын ичине бейтаптарды кабыл алып, ыкчам текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн 50 орундуу убактылуу күндүзгү стационардык пункт даярдалууда.
Бул орундуктар Ош шаардык клиникалык ооруканасы тарабынан 50 даана керебет, 50 даана төшөк жана жаздык шейшептер менен камсыздалды.
Орундуктарды даярдыкка келтирүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу отряды тарабынан атайын жүк ташуучу техникасы, башкармалыктын өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери тартылды.