Президент коронавирус башталгандан тарта кимдерден жардам сурап кайрылды? (топтом)

Дүйнөнүн булуң-бурчун коронавирус илдети каптады. Бул илдет алгач Кытайда былтыркы жылдын декабрь айында башталган. Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандар 18-мартта аныкталган. Бул убакыттан бери президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык фонд, уюм, банктардан каржылык жардам сурап кайрылган.

26-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушкан. Анда ал коронавирустун Кыргыз өлкөсүндө мындан ары жайылып кетүүсүнүн алдын алуу чараларын көрүү үчүн каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылган.

Ошол эле күнү мамлекет башчы Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДейган менен жолугуп, кризиске каршы чараларды натыйжалуу ишке ашыруу жана экономикалык тобокелчиликтерди азайтуу үчүн каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштаган.

Сооронбай Жээнбеков Европа бирлигинин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэрге коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепетинен келип чыккан терс көрүнүштөрдү азайтуу үчүн өлкөгө кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранган.

27-мартта президент Дүйнөлүк банктын Кыргыз мамлекетиндеги кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушкан. Жээнбеков дүйнөдөгү жана өлкөдөгү түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлорду каржылоо маселесине түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.

Сооронбай Жээнбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолугушкан. Алар Кыргыз мамлекетинин жеке секторлору жана каржы-насыялык мекемелерине бюджеттик колдоо жана жеңилдетилген каржылоо боюнча каражат тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.

1-апрелде мамлекет башчы Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдогон. Сооронбай Жээнбеков БУУнун башкы катчысынын мүчө мамлекеттерге карата күчтөрдү бириктирүү жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн 2 миллиард доллар суммасына гуманитардык иш-аракеттерин баштоо боюнча глобалдык план түзүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Ошол эле күнү Жээнбеков Европа жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргыз өлкөсүнө бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн финансылык жардам бөлүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

2-апрелде Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргыз Республикасына кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранган.

3-апрелде мамлекет башчы Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан