Өзбекстанда коронавирус менен жабыркап жаткандардын саны 342ге жетти. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата вирус жуктуруп алганы аныкталган жарандар карантинде жатышкан. Учурда 100 миңден ашуун жаран карантинде жатышат.
Вируска кабылгандардын ичинен 30 бейтап айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлдү. Ал эми коронавирустан 2 бейтап өлкө аймагында каза болсо, дагы 2 Өзбек жараны чет өлкөдө каза болду.