Тажикстанда коронавирус аныкталгандардын саны 6315ке жетти

Дүйнөнүн ар бир бурчуна өтө тездик менен тараган коронавирустан Тажикстанда 6 миң 315 адам жабыр тартууда. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактарында жазылды.

Анда жазылгандай, коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Тажикстанда 6 миң 315 адам вируска кабылган. Алардын ичинен 4 миң 965 бейтап илдетти жеңип, сакайган болсо, тилекке каршы, 53 адам каза болгон.

Тажикстанда коронавирус илдети аныкталганы алгачкы жолу расмий түрдө 30-апрелде белгилүү болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tynara81
2020-07-08 09:24:13
Билдирбей атып, жок деп жатып тез көбөйүп кетти дедик эле. Эрте билген, 2 ай карантинде отурган биз андан өтүп кеттик го.
+5
Alixan-Nookat.2015
2020-07-08 10:09:13
Бизде өкүнүчтүүсү каза болгондор көп болуп жататго, Аллах таалам кыргыз элимди ушул апааттан батыраак алып чыгып кетсин.
+4
urmat94
2020-07-08 11:35:00
Эмнегедир тажиктерде сакайып чыккандар бизден эки эсе коп экен ооругандар бизден эки айдан кийин аныкталса дагы
+3
PROS
2020-07-08 14:13:47
Тажикстан кезинде Кыргыз мамлекетинен жардам сурап жүргөн, эми карагылачы биздин чимкирик, кой, теке, балп этме, самозванкалардын айынан алда канча артка кетиптирбиз. Жаның кашаят да, элин ойлобой өз кара башын ойлогон акмактарды эстесем.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан